Жаңылыктар
Салыктарды өз убагында төлөбөгөндөргө 2000 сом айып салынат
Кыргызстан жаңылыктары
Салыктарды өз убагында төлөбөгөндөргө 2000 сом айып салынат

Мамлекеттик салык кызматы унаа каражаттарынын, турак жай жана жер үлүштөрүнүн ээлерин салык төлөөгө шашылып, сентябрга чейинки убакыттан пайдаланып калууга чакырат. Мекемеден билдиришкендей, салыктарды төгүүгө жарандардын дагы 3 жумасы бар. Жарандар өздөрүнө ыңгайлуу төлөө ыкмасын тандай алат. Салыктарды бардык банктардын кассаларында, байланыш бөлүмдөрүндө, төлөм терминалдарында, мобилдик жана интернет банкинг аркылуу төлөөгө болот.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-сентябрына чейин унаа каражаттарына, 2-сентябрга чейин турак жай, үй, батир жана жер тилкелери үчүн салыктарды төлөш керек. Салыктарды өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн 2000 сом административдик айып каралган. Мындан тышкары, ар бир кечиктирилген күн үчүн туум кетет. Салык кызматынын сайтында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк салыгын эсептөө калькулятору жайгашкан. Кеңири маалыматты 194 телефону же www.sti.gov.kg сайтынан билүүгө болот.