Жаңылыктар
Борбор калаанын капиталдык ремонттон өткөн бир нече көчөсү ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаанын капиталдык ремонттон өткөн бир нече көчөсү ачылды

Борбор калаанын капиталдык ремонттон өткөн бир нече көчөсү ачылганын мэриянын маалымат кызматы билдирди. "Бишкекасфальтсервис" ишканасы билдиргендей, Жаманбаев көчөсүнүн Манас проспектисинен Руставели көчөсүнө чейинки бөлүгүнөн, Ахунбаев көчөсүнөн 74- мектепке чейинки Безымянная көчөсүнөн унаалар каттай баштады. 

"Жаманбаев көчөсүнүн туурасы 8 метр, узуну 400 метр болгон бөлүгү оңдолуп бүттү. Анын эки жагына унаа токтотуучу жайлар уюштурулуп, тротуарлар салынды. Безымянная көчөсүнүн эки жагына да тротуар түштү", — деп айтылат маалыматта. Быйыл ишкана шаардын 51 көчөсүн оңдоону пландап жатат. Бул үчүн атайын техника сатып алынып, асфальбетон чыгаруучу эки завод иштеп жатат.