Жаңылыктар
Бизнеске умтулган жаштар
Экономика
Бизнеске умтулган жаштар

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бизнестин ыгын тапкан жана коомдук иштерге жигердүү катышкан өлкөнүн жалындуу жаштары менен баарлашты. Жаштар үчүн мындай аянтчаны түзгөн демилгечилер "Мен Кыргызстанды өнүктүрөм" келечектүү долбоорунун өкүлдөрү. Жаштар форуму эркин, көзмө-көз маектешүү ыргагында өттү. Премьер-министр жаштардын өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган долбоорлоруна күбө болду. IT технология, робототехника, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү анын катарында мөмө-жемиштерди кургатып жана шире кылып сатуу, келечекте Баткен менен Өзгөн күрүчүн экспорттоо мына ушул багытта чакан бизнесин өргө тартып жаткан жаш ишкерлер стартап долбоорлору менен тааныштырды.


Ишкерчиликке кадам таштап, аны илгерилетип жаткан жалындуу жаштардын ар бири чогулгандарга өз идеяларын, сунуштарын жана ар кандай өтүнүчтөр менен кайрылышты. Эң кызыктуу стартап долбоорлордун катарында Максат Төрөбаев менен Чыңгыз Матыевдин кургатылган мөмө-жемиштерди чыгарган ишканасы болду. Былтыр ачылганы менен алардын компаниясы азыктарын ички рынокко гана эмес экспортко чыгарууга жетишти. Таңгактаганга чейинки жумуштун баары толугу менен Кыргызстанда даярдалат. Азыр кургатылган мөмө-жемиштер түрү менен чыгарылып жатат, анын курамы боюнча Орусиянын диетологдорунан кеңеш алынган. Күздөн баштап ишкана Баткен менен Өзгөн күрүчүн экспорттоону баштап капиталын 1 млн долларга жеткирүү ниетинде.

Ал эми ошондой эле мөмө-жемиштерди кургатып сатып жаткан Алишер Токторбаевдин ишканасы азырынча таңгактабай эле эндей дүңүнөн сатууда. Жалал-Абад облусунун Кара-Алма айылында чакан ишкана ачылганына бир жыл болуптур, анткен менен азыктар ички рынокто жакшы суроо-талапка ээ, Казакстан, Тажикстанга буйрутма менен сатылат. Жакындан баштап таңгактап чыгарууну баштай турганын айткан ишкер кошумча шире чыгара турган цех да ачам деп турат.