Жаңылыктар
Элдер ассамблеясы улут аралык ынтымак менен биримдиктин жарчысы
Кыргызстан жаңылыктары
Элдер ассамблеясы улут аралык ынтымак менен биримдиктин жарчысы

Элдер ассамблеясы улут аралык ынтымак менен биримдиктин жарчысы. Мындай пикирин премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Россиянын элдер ассамблеясынын жана Евразия элдер ассамблеясынын делегациясын кабыл алып жатып билдирди. Өз сөзүндө өкмөт башчы Кыргызстан көп улуттуу өлкө экенин белгилеп, улуттар ортосундагы ар тараптуу байланышты чыңдоого Кыргызстан өзгөчө маани берээрин билдирди. 

Кыргызстан көп улуттуу өлкө экенин белгилеген өкмөт башчы улут аралык мамилени чыңдап, ынтымак менен байгерчиликте турмуш кечирүү маселесине өзгөчө маани берээрин билдирди. Бул багытта Кыргызстандын элдер ассамблеясы олуттуу аракеттерди көрөт. Орусиянын жана Евразия элдер ассамблеясынын өкүлдөрүн кабыл алып жатып, Сооронбай Жээнбеков элдер ассамблеясы улут аралык ынтымак менен биримдиктин жарчысы экенин айтты.

Орусиянын жана Евразия элдер ассамблеясынын өкүлдөрү өз кезинде жылуу маанайда тосуп жаткан өкмөт башчы баш болгон кыргыз тарапка ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын элдер ассамблеясы көп иштерди жасап жетишкенине ынанганын билдиришти. Ошол эле учурда Орусия - Орусиянын элдер ассамблеясынын төрайымы жана Евразия элдер ассамблеясынын башкы катчынын биринчи орун басары мындай кызматташтык Евразия чөлкөмүндө алаканы тереңдетүүгө, достук мамилени бекемдөөгө оң таасир берээрин билдирди. Анын үстүнө Кыргызстандан үлгү ала турган жакшы иштер бар.

Бул жагынан алып караганда Кыргызстандын тажрыйбасы бар. Мындан улам тажрыйба топтоого жана алмашууга Орусиянын элдер ассамблеясы даяр-деди Игорь Круговых. Себеби эки мамлекеттин кызматташтыгы терең. Орусиянын элдер ассамблеясынын төрагасынын орун басары алардын мекеме кыргыз-тилин жайылтуу багытында да иш алып бараарын ырастады. Жакында Орусиянын “илим” басмаканасында эки мамлекеттин окумуштууларынын “Кыргыздар” китеби орус тилинде басылып чыкканы айтылып, бул басылманын бири өкмөт башчыга тапшырылды.