Мугалимдерди колдоо жана билимдүүлүктүн келечегин түзүү – мамлекеттин артыкчылыгы. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чолпон-Ата шаарында өткөн педагогдордун август кеңешмесинде билдирди.
Ысык-Көлдүн жээгинде "Кыргызстандын мектеби: жаңы чечимдер жана келечеги" аттуу август кеңешмеси өтүп, ага Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, өлкөнүн бардык тарабынан келген мектеп жетекчилери менен мугалимдер катышты. Өкмөт башчы республикалык бюджеттин төрттөн бир бөлүгү билим берүү системасын өнүктүрүүгө жумшалып жатканын белгиледи.
Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"