Жаңылыктар
Кытай-Индия мамилеси курчуй баштады
Дүйнө
Кытай-Индия мамилеси курчуй баштады

Гималай тоо кыркасындагы Доклам жайыгы үчүн Кытай менен Индиянын ортосунда мамиле курчуй баштады. Жогоруда айтылган  Доклам жайыгы башынан эле Кытай менен Бутан  падышачылыгынын ортосунда талашка түшкөн  аймак. Өткөн айдын башында эки өлкөнүн ортосунда талаш аймакка, Кытайдын аскердик инженерлери кирип,  жол сала баштаганда, Кытай  мамлекетинин  мындай жол салуусуна Бутан  нааразылыгын билдирген.  Пекин Бутандын каршылыгына карабастан, жол  курулушун уланта берген.  Ошондон кийин Бутандын  эң жакын өнөктөшү Индия жоокерлерин Доклам жайыгына  киргизип, Кытайдын аскерлерин бир топко  сүрүп чыккан. Нью-Делиге жооп кылып  Пекин да Доклам жайыгына аскер тобун жиберди. Ушул тапта эки  держава  Докламдан аскерин алып чыгарып кетүү боюнча бири-бирине талап коюп, тирешип турган чагы. 

Белгилей кетчү жагдай азыркы күнгө чейин Кытай менен Бутандын ортосунда  дипломатиялык мамиле жок. Анткени 1949-жылы Индия менен Бутан достук тууралуу келишимге кол  койгон. Бул келишим боюнча  Нью-Дели Бутандын мамлекет болуп сакталганына  кепилдик берет. Ошондуктан Индия жогоруда сөз болгон  келишимдин негизинде Бутандын коргоо жана тышкы саясатын көзөмөлдөйт. Эң кызыгы бүгүнкү күндө Бутан болгону 22 мамлекет менен гана дипломатиялык мамилеси бар. Ошон үчүн Бутандын кызыкчылыгын эл аралык деңгээлде Индия коргоп келет. Кененирээк аудиодон укса болот.

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов, тааныштырган Бакыт Тапаев болду.