Жаңылыктар
Рух Ордого Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын элестери коюлду
Маданият
Рух Ордого  Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын элестери коюлду

Ысык-Көл районундагы Чынгыз Айтматов атындагы Рух ордо маданий комплексине Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын элестери коюлду. Скульпторлордун эмгектери залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун "Кыямат" романындагы эне бала менен карышкырдын , "Жаныбарым Гүлсарат" повестинен Танабай менен Гүлсарынын, Жер эне менен Толгонай, "Кылым карытаар бир күн" романындагы Маңкурттун образдары тандалып алынган.

Мындан сырткары "Мезгил жана достук", "Жомоктон соң", "Дөнөнбайдын кушу жөнүндө" уламыш аттуу иштер орун алды. Скульпторлор жалаң Кыргызстандан тандалып алынган. Арасында биринчи чыгармасын жаратып аткан жаш скульпторлор да бар.

Маданий комплекс конкурс жарыялаганда жалпы кырк скульптор катышкан. Алар үчүн ылайыктуу шарттар түзүлгөндөн кийин бир жарым ай өз чыгармаларынын үстүндө эмгектенишкен. Коюлган скульптуралардын эң оору сегиз тоннага чамаласа, жеңили эки тоннаны түзөт. Маданий комплекстин чечими менен скульпторлордун иши бааланып ар бирине жүз миң сомдон акчалай сыйлык ыйгарылды.