Жаңылыктар
Кыргыз-орус кызматташтыгы бекемдөөдө
Саясат
Кыргыз-орус кызматташтыгы бекемдөөдө

 Кыргыз-орус кызматташтыгынын келечегин президент Алмазбек Атамбаев Орусия президенти Владимир Путин менен талкуулады. Жолугушууда Путин Атамбаевди жылуу тосуп алып, эки өлкө ортосундагы өз ара аракеттердин негизги багыттарын талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө кубанып турганын билдирди. 




“Биздин алака-катыштардын мүнөзү тууралу айтуунун зарылдыгы жок. Кыргызстан – биздин ишенимдүү өнөк жана ортобузда чынында эле стратегиялык мамилелер калыптанууда. Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү кыйла кеңейди. Анын натыйжасы биздин экономиканын, социалдык чөйрөнүн өсүшүндө көрүнөт деп ойлойм”, - деди Владимир Путин. 

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев да кыргыз-орус кызматташтыгынын эң орчундуу маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө канааттанып жатканын белгиледи.

 “Биздин өлкөлөр ортосунда ири соода-экономикалык катнаштар орун алгандан тышкары биз – эң оболу стратегиялык өнөкпүз”, - деди Алмазбек Атамбаев. 

Жолугушууда мамлекет башчылары кыргыз-орус кызматташтыгынын маанилүү маселелерин, биргелешкен долбоорлордун аткарылышын, андан тышкары ар башка чөйрөдө мындан ары өз ара аракеттенүүнүн багыттарын, евразиялык интеграциянын өнүгүшүн талкуулашты.