Жаңылыктар
С.Жээнбеков казак премьер-министри Б.Сагинтаев менен жолукту
Саясат
С.Жээнбеков казак премьер-министри Б.Сагинтаев менен жолукту

Астана шаарында өтө турган Евразия экономикалык биримдигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолукту. Сооронбай Жээнбеков кесиптешине Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын ийгиликтүү өткөрүп алуусун каалап, Казакстан менен стратегиялык кызматташууларды бекемдөө Кыргызстандын тышкы саясатындагы приоритеттүү багыттардын бири болуп санааларын кошумчалады.Анткени Кыргызстанга сырттан келген түз инвестициялар боюнча Казакстан алдыңкы орунда турат. Алдыда эки тараптуу кызматташууларда казак тараптан чечиле турган жана колдоону талап кылган маанилүү маселелер бар. Алардын арасынан ЕврАзЭСтин алкагында чек ара тармагында эки тараптуу кызматташууну бекемдөө актуалдуу маселе болуп саналат, деди Жээнбеков. 

Ошондой эле «Токмок-автодорожный» жана «Кең-Булун – автодорожный» көзөмөл өткөрүү пункттарынын статусун эки тараптуудан көп тараптууга өзгөртүү, «Ак-Тилек – автодорожный» көзөмөл өткөрүү пунктуна кыргыз тараптан жана «Кара-Суу» казак тараптан көпүрө куруу тууралуу сүйлөшүүлөрдүн жүргөнүн жана бул маселени чечүүнү тездетүүнү суранды. Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев эки тараптуу актуалдуу маселелерди чечүү үчүн, эки тарап тең түшүнүү менен мамиле жасап, алдыга жылууга кызыкдар экенин билдирди. Сооронбай Жээнбеков биздин өлкөнүн ЕврАзЭС курамына кирүүсүнө байланыштуу техникалык жардам көрсөтүү катары 100 млн АКШ долларын бөлүү боюнча макулдашууну ратификациялагандыгы үчүн Казакстан тарапка ыраазычылык билдирип, Астана шаарында эл аралык адистештирилген ЭКСПО-2017 көргөзмөсүн ийгиликтүү өткөрүүсү менен куттуктады. Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев эки тараптуу актуалдуу маселелерди чечүү үчүн, эки тарап тең түшүнүү менен мамиле жасап, алдыга жылууга кызыкдар экенин билдирди.