Жаңылыктар
16-августтан баштап шайлоо түйүндөрүндө шайлоочулардын тизмеси илинет
Шайлоо 2023
16-августтан баштап шайлоо түйүндөрүндө шайлоочулардын тизмеси илинет

16-августтан баштап шайлоо түйүндөрүндө шайлоочулардын тизмеси илинет. Мындай маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. 

Шайлоого чейин жарандар ошол добуш берүү тилкелерине барып, тизмеде бар же жогун текшерип алса болот. Ошондой эле shailoo.srs.kg сайты аркылуу дагы тактаганга мүмкүнчүлүк бар.

Сайтта тизме күн сайын жаңыланып турат. Ошондой эле 119 номеринен аты-жөнү аркылуу тактап алса болот. Муну менен катар кошумча шайлоо участокторуна 30-сентябрга чейин кайрылып, катталга да болот.