Жаңылыктар
Кыргыз-казак чек арасында каршылык көрсөтүп, жаракат алган жаран каза болду
Чек ара
Кыргыз-казак чек арасында  каршылык көрсөтүп, жаракат алган жаран каза болду

Кыргыз-казак чек арасында ок тийип каза болгон жарандын казакстандык экендиги аныкталды. Бул тууралуу Казакстандын маалымат каражаттары билдирди. Белгилей кетсек 12-август күнү кечинде кыргыз-казак чек арасынан 15ге чукул белгисиз адам чек ара тоскон зымдан өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалган. Бирок алар чек арачыларга каршылык көрсөтүп, күзөтчүлөрдүн ден соолугуна залака тийгизген. 

Мындан улам чек арачылар ок чыгарып алардын бирөөсүн жарадар кылган, калгандары качып кетүүгө үлгүргөн. Кийинчерээк жаракат алган адам көз жумганы маалым болгон. Учурда Тараз аймагында чек ара кызматын күзөтүү күчөтүлүп, качып кеткен адамдарды издөө жана алардын ким экендигин тактоо иштери жүрүп жатат.