Жаңылыктар
Тартип сакчы айымдардын маселеси талкууга алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Тартип сакчы айымдардын маселеси талкууга алынды

Бишкекте милиция кызматындагы айымдардын биримдигинин 2 күндүк тренинг-конференциясы башталды. 

“Милиционер айымдардын коомдогу орду, көйгөйлөрү жана аны чечүү жолдору” деп аталган жыйынга президенттик аппараттын өкүлдөрү, Ички иштер министри ошондой эле экс-президент Роза Отунбаева катышууда. 

Анда негизинен гендердик теңчилик, тартип сакчы айымдардын ички иштер тармагындагы орду тууралуу талкуу жүрүүдө. Мындан тышкары башка мамлекеттердеги полиция айымдардын ассоциациясынын мисалында тажрыйба алмашуу болот. Биримдик 2010-жылы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун колдоосу алдында түзүлгөн. 

Ассоциациянын башчысы Каана Айдаркулова белгилегендей, уюмдун курамында жалаң гана аялдар эмес, активдүү эркектер да бар. 5 жыл аралыгында пландар түзүлгөнү менен иш солгун жүрүүдө, деген Айдаркулова, буга аялдардын "биримдик мен үчүн эмне жасап берет" деп, отурганы себеп болууда дейт. 

"Тескерисинче ассоцияцианы өнүктүрүп, социалдык маселени чечүүгө активдүү катышуубуз керек",- деп кошумчалады.