Жаңылыктар
Оштогу соода базарларында инжир жемиши кызуу сатылууда
Кыргызстан жаңылыктары
Оштогу соода базарларында инжир жемиши кызуу сатылууда

Жылына бир ирет гана сатыкка чыккан бул жемиш, жүрөк, бөйрөк, кант диабетине дары дешет адистер. Азыр Оштун базарларында инжир кызуу сатылууда. Өзүнүн жалбырагына оролуп сатылган жемиш базарда көпкө кармалбайт, өзү да бир айда бышып түгөнөт. Адина Азимталипова жыл сайын инжир сатат. Эртең мененки алганын кечке калбай сатып бүтүшү шарт, анткени инжир- бат бузулуучу жемиш.

Аравандык Хабибулла Хамидов, инжир өстүрүүнүн сырын эс тарткандан бери билет. Ата-бабасынын багбанчылык кесибин улаган тургундун 50 түп инжир дарагы бар. Баш-аягы 15 сотыхтай бул бак - 20дай жан жашаган Хамидовдордун бир жылдык киреше булагы. Бакта: анар, курма, жүзүм, алча, өрүктөн сырткары инжирдин үч түрү өсөт.