Жаңылыктар
Сергек жашоонун жарчылары
Спорт
Сергек жашоонун жарчылары

Алматадан старт алган көрүүсү начар жана көзү азиз велосипедчилер командасы 500 чакырым аралыкты басып өтүшү керек. Алардын акыркы аялдамасы Чолпон-Ата шаары деп белгиленген. Веломарафондун катышуучулары сергек жашоого үндөгөн ураан менен жолго чыгышкан. Аларды Кыргызстан менен Казакстандын чек арасынан биздин кабарчылар да тосуп алышкан. Узак жолго сапар тарткандарды кыргыз жеринде жылуу тосуп алышты. Велосипедчи Жазира Мулкибекова бул марафонго жаздан баштап даярдык көргөнүн айтат. Ал күнүнө 150 чакырымды басып өтүү менен бир нече апта даярданган.
Эки өлкөнү велосипед менен кыдырган марафондо жалпы 15 адам бар. Алардын 7си велосипедди өз алдынча тепсе, калгандары эки-экиден болуп жүрүшкөн.

Веложарыштын катышуучулары алгач эски аянтка, андан соң Ала-Тоо аянтына барышты. Аларга Кыргызстандын аймагында “Саякбай манасчы” коомдук фонду жардам көрсөткөн. Ошондой эле, өлкөнүн башкы дарыгери Талантбек Батыралиев да иш-чараны колдоого алган.
Веложарыштын акыркы аялдамасы Чолпон-Ата шаары деп белгиленген. Спортчулар үчүн Ысык-Көлдүн жээгинде кеңейтилген атайын программа даярдалган.
Спортчулар кийинки жылга өтө чоң максатты коюп жатышат. Алар Азия менен Европаны кыдырууну пландоодо.