Жаңылыктар
Аудио: “Акеңди көрдүң да? Байкуш, кейпи саал кетип калыптыр"
Саясат
Аудио: “Акеңди көрдүң да? Байкуш, кейпи саал кетип калыптыр"

Текебаевдын иши боюнча сот отуруму жыйынтыкталуу алдында. Өткөн бейшембиден бери тараптардын жарыш сөзү уланууда. Ал арада интернет баракчаларына Камчыбек Ташиев менен Азимбек Бекназаровдуку деп божомолдонгон телефондук сүйлөшүүлөрдүн жазуусу жарыяланды. Анда акыркысы Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча жалган көрсөтмө бергенин моюнга алып жатканын угууга болот. Азимбек Бекназаров буга чейин Текебаевдин жактоочуларынын өтүнүчү менен сотко күбө катары чакыртылган болчу.

Камчыбек Ташиев жана Азимбек Бекназаровдун үндөрүнө өтө окшош эки адамдын сүйлөшүүсү ютуб сайтына 13-августта жарыяланды. Сүйлөшүү диктофонго жаздырылгандай, анткени телефондон баарлашкандай суроо жооп эмес, жай отуруп маектешип жатышат.
Бул арада Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча соттук териштирүүлөр соңуна чыгуу алдында турат.Бирок дагы деле соттолуучу тарабынан сот процессин создуктуруу аракети көрүлүүдө. Текебаев үч жумушчу күндөн бери эртеден кечке чейин жарыш сөздө сүйлөп жатат.