Жаңылыктар
Угуу жөндөмдүүлүгүн коргойлу!
Ден соолук
Угуу жөндөмдүүлүгүн коргойлу!

 Бүгүн - угуу жөндөмдүүлүгүн коргоонун эл аралык күнү белгиленүүдө. Бул дата Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан бекиген. 

Уюмдун маалыматы боюнча, дүйнөдө кулагы укпагандардын саны 360 миллиондон ашуун. Ушул себептүү, уюм майыптыкка алып келүүчү бул илдетти алдын алууга багытталган улуттук программаларга колдоо көрсөтүүнү колго алган. Ага ылайык, угуусу начар жарандарга жергиликтүү медициналык мекемелерде текшерүү, дарылоо менен катар профилактикалык иштер жүргүзүлөт. 

Дарыгерлер кулагы каңырыш уккандардын катарында жаштар көп экенин айтат. Бул оболу жаштардын түнкү оюн-зоок жайларында катуу чыккан музыканы көп укканы менен байланыштуу. Көптөгөн жаштар кулактарына кулакчын тагынып, угуу жөндөмүнө тескери таасир жаратууда. 

Кулагы жакшы укпай калган жаштардын саны жалпы оорулуулардын 10 пайызын түзөт. Кулактын начар угуусу сезиле баштагандан тартып, дарыгерге кайрылып, оорунун алдын алуу зарылдыгын адистер эскертет. Мындайда кулак, тамак жана мурун дарыгерине барып, кулактын угуу жөндөмүн текшертип, угуунун начарлашына алып келген себептерди аныктаган оң.