Жаңылыктар
Талантка тоскоолдук жок
Кыргызстан жаңылыктары
Талантка тоскоолдук жок

 Кыргыз Улуттук филармонияда азиз балдар Аскар жана Исламдын жеке концерти болду. Үчүнчү ирет уюштурулуп жаткан «Сагындым, апа» чыгармачылык кечесин балдар энесинин жаркын элесине арнаган. 

Концерттин максаты - балдарды колдоо жана талантын таанылтуу. Ырчы балдар жайкы эс алуу учурунда өлкөнүн булуң бурчун кыдырып, талантын калың элге тартуулоо максатында концерт уюштураарын атасы билдирди. 

Аскар менен Ислам буга чейин ар кандай иш чараларга, сынактарга катышып, ырдап байгелүү орундарга жеткен. Талант ээлери ырдап гана тим болбостон, сергек жашоо образын тандап, спорт менен да машыгышат.