Жаңылыктар
Кыргыз-казак чек арасындагы жаңжалга кыргыз жарандарынын тиешеси жок
Чек ара
Кыргыз-казак чек арасындагы жаңжалга кыргыз жарандарынын тиешеси жок


12-августта кыргыз-казак чек арасындагы жаңжалга кыргыз жарандарынын тиешеси жок экенин чек ара кызматы билдирди. Окуя Казакстан мамлекетинин аймагында болгон. Казак ИИМи чек арачыларга иш козгоду. Эскерте кетсек, 12-август күнү кечинде кыргыз-казак чек арасынан 15ге чукул белгисиз адам оролгон зымдан өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалган.

Бирок алар чек арачыларга каршылык көрсөтүп, күзөтчүлөрдүн ден соолугуна залака тийгизген. Мындан улам чек арачылар ок чыгарып бирөөсүн жарадар кылган. Ошентсе да алар качып кетүүгө үлгүргөн. Кийинчерээк жаракат алган адам көз жумганы маалым болгон.