Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев кеңешчиси Мира Карыбаеваны кабыл алды
Саясат
Алмазбек Атамбаев кеңешчиси Мира Карыбаеваны кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев Кеңешчиси Мира Карыбаеваны кабыл алып, сентябрь айында өлкөбүздө өтө турган «Ислам азыркы светтик мамлекетте» деген эл аралык конференцияга даярдыктын жүрүшү тууралуу маалыматты укту. Бул эл аралык долбоордун максаты улуттук мамлекеттердин маданий өзүнчөлүгүн сактап калуу, диний баалуулуктарды жайылтуу шылтоосу менен радикалдуу идеяларды киргизүүгө жол бербөө, жалпылап айтканда диний чөйрөдө демократиялык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына Кыргызстанда өткөрүлө турган эл аралык конференциянын ишине эл аралык уюмдардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жакынкы жана алыскы бир катар чет мамлекеттерден окумуштуулар, эксперттер катышаары болжолдонуп жаткандыгы тууралуу айтылды. Көтөрүлгөн идеянын өзгөчө актуалдуулугун жана экстремизмге, радикалдашууга каршы күрөшүүдө мамлекет менен диний коомчулуктун өз ара аракеттенишүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча алдыда турган милдеттердин маанисин баса белгилеп, Президент Алмазбек Атамбаев эл аралык конференцияга жакшы даярдыкты камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.