Жаңылыктар
С.Жээнбеков Казакстандын президенти менен жолукту
Саясат
С.Жээнбеков Казакстандын президенти менен жолукту

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековду Астанадагы сапарында ЕАЭБке кирген өлкөлөрдүн өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны бүткөн соң Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукту.

Анда коңшу өлкөнүн башчысы кыргыз-казак алакасы бекемделгенин жана алака мындан ары да артаарына ишенээрин билдирди. Ал эми Сооронбай Жээнбеков кабыл алганына ыраазычылык билдирип, эки өкмоттүн кызматташтыгы ырааттуу жолго салынганын белгиледи. Ошондой эле ЭКСПО-2017 иш-чарасы ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.