Жаңылыктар
Баткенде адам сатууга каршы күрөшүү иш чарасы башталды
Кылмыш
Баткенде адам сатууга каршы күрөшүү иш чарасы башталды

Баткенде“100 күн адам сатууга каршы күрөшүү” деген аталыштагы иш чара башталды. Буга чейин Баткен облусунун аймагында адам сатуу боюнча 3 факты катталган. Мындай жат көрүнүштүн алдын алуу максатында жергиликтүү бийлик милиция менен бейөкмөт уюмдардын колдоосунда эл арасында маалымат берүү,түшүндүрүү иштерин баштады.

Алдыдагы 14 күн аралыгында өтүүчү иш чаралар Бириккен Улуттар Уюмунун Баңги заттар жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын адам сатууга жана мигранттарды өлкөгө мыйзамсыз алып кирүүгө каршы гпрограммасынын алкагында жүрүп жатат. Программа Европа Биримдиги тарабынан каржыланууда.