Жаңылыктар
“Таза Коом” - башкаруунун жаңы үлгүсү
Саясат
“Таза Коом” - башкаруунун жаңы үлгүсү

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы менен өкмөттүн алдындагы “Таза Коом” долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча кеңеш алгачкы жыйын өткөрдү. Санариптик трансформациялоо улуттук долбоорунун концепциясы, анын алкагындагы артыкчылыктуу долбоорлор талкууланды. 

Жалпы улуттук “Таза коом” программасын ишке ашырууну шарттаган концепцияга ылайык баштапкы баскычта бир катар ири долбоорлорду ишке ашыруу каралып жатат. 

Азыр ааламды электрондук доор чулгап, маалыматты эркин жеткирип же кабыл алып турган учур. Бул бүтүндөй адамзат санариптик кылымда турмуш кечирип жатат дегендик. Мындан улам келечектеги санариптик дүйнөдө өз ордун табуу Кыргызстандын стратегиялык милдети деди- өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков. Электрондук доордон артта калбай, санариптик технологиялар аркылуу өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетти куруу боюнча Кыргызстан “Таза Коом” жалпы улуттук долбоорду ишке киргизип жатат. 

Мамлекеттик башкаруунун жаңы үлгүсүн- ыкчам жана ийкемдүү мамлекетти түзүү, электрондук өкмөт, акыйкат жана ачык коомду калыптандыруу, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатып, коррупцияны жоюу, бизнеске жагымдуу шарт түзүү жана эң олуттуусу макамына, материалдык абалына карабай Кыргызстандын ар бир жаранынын татыктуу, коопсуз жашоо турмуш кечиришин шарттаган жаңы технологиялык “Таза Коом” долбоору жети максатты жана төрт стратегиялык милдетти алдына коёт. 

“Таза Коом” долбоорун ишке ашырууга эмне зарыл. Программаны жүзөгө ашыруу 4 багытта жүрөт. Жер-жерлерде санариптик маалыматтык-коммуникациялык инфраструктура түзүлөт, маалыматтык коммуникациялык технологияларга байланыштуу мыйзамдар жана укуктук ченемдик актылар шайкеш өркүндөтүлөт, ачык санариптик коом калыптанып, инновацияга жана өнөктөштүккө багытталган маалыматтык коммуникациялык технологиялар түзүлөт. Бул аракеттерди ишке ашырууга албетте техникалык жабдуулар керектелет. Ар бир айыл өкмөтүндө түзүлө турган маалыматтык күркөлөргө зарыл болгон жабдуулар учурда алынды. Бул жабдуулардын жардамы менен калкка кызмат көрсөтүүнүн сапаты жакшырып, адамдык фактор кыскартылат. Маалыматтык күркөлөр “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын өкүлчүлүктөрүнүн базасында ишке киргизилет.

Талкуудан соң кеңеш “Таза Коом” долбоорунун ишке ашыруу боюнча концепциясынын долбоорун негиз катары жактырды. Санариптик трансформациялоо улуттук долбоорунун концепциясы дагы толукталып иштелип акыркы үлгүсү октябрь айында сунушталат. Ага чейин тийиштүү мекемелер эксперттик коомчулук менен чогуу иш алып барууну улантат.