Жаңылыктар
УКМК коомчулукту сак болууга чакырат
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК коомчулукту сак болууга чакырат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети коомчулукту сак болууга чакырат. Атайын кызмат билдиргендей эл аралык террористтик уюмдар өлкөдө теракт уюштурууга аракет жасашы ыктымал. 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жарандарга мындай өңүттөгү чакырык менен эч качан кайрылбаса керек. 

Чемодан, баштык сыяктуу буюмдарды эл көп топтолгон жерге калтырып кетүү, өзүн кызыктай алып жүргөн адамдар-мунун баары жарандарды шек санатышы керек. Мындай окуяларга күбө болгон жарандар дароо милицияга же улуттук коопсуздук органдарынын нөөмөттүк кызматына телефон чалып, кабардар кылышы абзел. 

УКМК Сиражиддин Мухтаров башында турган “Джамаат таухидвА Джихад” уюму Кыргызстан үчүн кооптонууну жаратаарын билдирип чыкты. Мухтаровго бир жыл мурда кытай элчилигинде теракт уюштурганы үчүн издөө жарыяланды. Ошону менен бирге Бурханидин Жанторев менен Ильяс Сабиров да изделүүдө. 

Атайын кызмат билдиргендей кытай элчилигинде уюштурулган теракка Али аттуу каймана аты бар 26 жаштагы Изотилло Саттыбаевдин түздөн түз тиешеси бар. Ал Ош облусунда туулган, Сирияда атайын даярдыктан өткөн. 30-августка караган түнү ал Кыргызстандын чыгып кеткен, ал эми бомба салынган “Митсубиси” унаасы ал өлкөдөн учак менен кеткенден кийин асманга жарылган. 

Ошол эле учурда УКМК мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн террористтик уюмга кирүүгө азгыргандардын бири колго түшүрүлгөнүн билдирип чыкты. Чет элдик экстремисттик борбордун тапшырмасы менен ал жаштарды азгырып, радикалдык идеологияны жайылтып, террористтик уюмдун жашыруун түйүндөрүн түзгөн-дейт комитет.

Адистер Бишкек да теракт уюштуруу максатында колдонулган аймак болушу ыктымал деген пикирди жокко чыгарбайт. Ошондуктан сак болуу керек. Себеби буга чейин “Ислам мамлекети” Кыргызстан элине ар кандай чакырыктарга үндөгөн роликтерди даярдаган.