Жаңылыктар
Судьяларды тандоо кеңешине сынак жарыяланды
Кыргызстан жаңылыктары
Судьяларды тандоо кеңешине сынак жарыяланды

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамына сынак жарыялады. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. 

Шартка ылайык, талапкерлер Кыргызстандын жараны болуп, эч бир партияга мүчө болбошу керек. Мындан сырткары, буга чейин соттолбогон жана кадыр-барктуу, абройлуу болушу керектиги жазылган. 

"Жарандык коомдон көрсөтүлгөн кеңештин мүчөсү 30 жашта болуп, жогорку юридикалык билимдүү жана юридикалык кесиби боюнча беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болушу шарт. Мындан сырткары, мамлекеттик же муниципалдык кызматта турбаган адам болушу керек", — деп жазылат маалыматта. Каалоочулар жарыя чыккандан тартып 20 күн ичинде Жогорку Кеңешке кайрылса болот.