Жаңылыктар
Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов Бишкекке келди
Саясат
Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов Бишкекке келди

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 16-августта, Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынына катышуу үчүн Бишкекке учуп келди. Абдулла Ариповду Бишкектеги эл аралык «Манас» аэропортунан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Бишкекте премьер-министрлердин катышуусунда Кыргызстан менен Өзбекстандын эки тараптуу кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтөт.

Мамлекеттик чек арадагы делимитация жана демаркация маселесине токтолуп жатып, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бул багытта эки тараптуу жумушчу топтун сүйлөшүүлөрү жүрүп жатканын билдирди. Сүйлөшүүлөр башталгандан бери — 2016-жылдын август айынан баштап, 2017-жылдын 31-июлуна чейин жумушчу топ 14 жолугушуу өткөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Кыргызстан жана Өзбекстандын өкмөт башчыларынын тар чөйрөдөгү жолугушуусу да болот.