Жаңылыктар
Президенттикке талапкерлердин өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулду
Шайлоо 2023
Президенттикке талапкерлердин өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулду

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы президенттикке талапкерлиги көрсөтүлгөн бир катар жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотту.

Президенттикке көрсөтүлгөн Өмүрбек Бабанов өзүн колдогон 107 миңден ашык жарандын колу коюлган кагаздарды Боршайком текшерип, 3 миңден ашыгы жараксыз болуп чыкты. Кыргыз Республикасынын президентин шайлоого карата эл аралык байкоочулар аккредитацияланды.

Ал арада Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөө уланып, эки жаран сынактан жетиштүү балл топтой алган жок.

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"