Жаңылыктар
«Ислам азыркы светтик мамлекетте» аттуу эл аралык конференция өтөт
Дин
«Ислам азыркы светтик мамлекетте» аттуу эл аралык конференция өтөт

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев кеңешчиси Мира Карыбаеваны кабыл алды. Анда сентябрь айында боло турган «Ислам азыркы  светтик мамлекетте» аттуу эл аралык конференцияга даярдыктар тууралуу талкууланды. 

Эл аралык конференциянын ишине  эл аралык уюмдардын жана мамлекеттик органдардын  өкүлдөрү, жакынкы жана алыскы бир катар чет мамлекеттерден окумуштуулар, эксперттер катышат. 

Анда дин боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзгөн эксперттер жана аналитиктер чогулушуп, учурдагы диний маселелерди талкуулашат. 

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"