Жаңылыктар
Улуттук университеттеги жакшы жакка өзгөрүүлөр
Билим
Улуттук университеттеги жакшы жакка өзгөрүүлөр

 Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде коррупциядан арылуу иши колго алынды. Мындай билдирүүнү жогорку окуу жайдын мугалимдер жамааты маалымаат жыйында билдирди.

 Алардын айтымында, жемкорлукту жоюу максатында өз алдынча түзүлгөн институттар жоюлуп факультет болду. Бирин-бири кайталанма кызматтардын жоюлушу менен окуу жайдын бюджетине 60 миллион сомдук каражат түшкөн. 

Бул акчалардын эсебинен мугалимдердин айлык-акысын жогорулатууга мүмкүн болгон. Ошол эле учурда реформа жүрүп жатат. Студенттердин сабакка катышуусун жана жетишүүсүн камсыздоо максатында электрондук система киргизилген.

 “Эң негизги биздин ишибиз окуу процесси аныктагандан кийин биз бул багытта эки чоң нерсеге көнүл бурабыз. Бул биринчиден билим берүүнүн сапатын көтөрүү, экинчиден коррупцияга каршы күрөшүү. Эксзамендерди 100 пайыз ананимдүү жана жазуу түрүндө алдык" - дейт Ж. Баласагын атындагы КУУнун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурайым Сардарбек кызы.