Жаңылыктар
Сереп: кийинки президент ким болушу мүмкүн?
Шайлоо 2023
Сереп: кийинки президент ким болушу мүмкүн?

Кыргызстанда чыныгы абройлуу коомдук ишмер, лидер адамдар саналуу гана. Кийинки президент ким болушу мүмкүн? Кыргызстанга кандай лидер керек? Бул суроо ар бир жаранды кызыктырып келет. Суралган серепчилердин дээрлик көпчүлүгү лидерлик сапатка ээ деп өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун,  «Республика - Ата Журт» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин ысымдарын атады. Бийликке бай же өзүн өзү мактаган жарнамалоочу эмес, өлкөнү өнүктүрө ала турган лидер келиши керектигин жергиликтүү талдоочулар белгилешет. 

Коомдун өнүгүүсүндө, өзгөрүүсүндө саясый лидерлер чоң ролго ээ экендиги талашсыз. Эгерде саясый лидердин ким экендигин тактоого аракет кылсак, анда лидер бул- саясый уюмдун, топтун, саясый партиянын же жалпы коомдун кадыр-барктуу мүчөсү. Ал өзүнүн жеке таасири менен саясый окуяларда жана саясый процесстерде зор роль ойнойт. Эл башына келе турган адамдын башкы касиеттери кандай болуш керек экени тууралуу илгертен эле адамзат аалымдары ар кандай пикирлерин билдирип келишкен. Баш катырган бул олуттуу маселе жөнүндө Платондон «Эл качан бактылуу болуп жашайт» деп сурашканда, ал: “Качан элди даанышмандар башкарганда”- деп жооп берген экен. Президенттикке талапкер болчулардын элдин алдында азырынча 50дөн ашык саясий лидерлердин ичинен бирөөнү тандоо турат. 

Канткени менен азыркы күндө Кыргызстанга харизма-легалдуу саясый лидер аба менен суудай зарыл жана мындай адам келерки президенттик шайлоодо калыс тандалып чыгаарын жергиликтүү талдоочулар белгилешет. Азырынча кимиси президет боло тургандыгын эл өзү аныктайт. Анткени Кыргызстанда таза шайлоо системасы орногон. 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоо жаңы технология жана биометрикалык паспорт менен боло турганы Кыргызстан эле эмес, Борбор Азияда биринчи жолу өтөрү күтүлүүдө.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"