Жаңылыктар
Назарбаев: Казакстан боордош элдин өнүгүп, өсүүсүн каалайт
Экономика
Назарбаев: Казакстан боордош элдин өнүгүп, өсүүсүн каалайт

Казакстан Кыргызстан менен ар дайым бирге жана  боордош элдин өнүгүп, өсүүсүн каалайт. Мындай пикирин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен Астанада болгон жолугушуусунда белгиледи. 

Жолугушуу ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын катышуусунда өткөн өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында өттү. Анда Казакстан менен Кыргызстандын эки тараптуу кызматташуусу жана Евразиялык Өкмөттөр аралык кещешинин жыйынынын жыйынтыктары боюнча пикир алышуу болду. 

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"