Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен жолугушту
Саясат
Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен жолугушту

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөбүзгө жумушчу сапар менен келген Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Жолугушууга Кыргызстандын өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков катышты. Анда эки өлкөнүн ортосундагы түрдүү тармактардагы кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. 

Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кыргыз-өзбек кызматташуусун чыңдоого кошкон салымы зор экендигин белгилеп, Өзбекстандын өкмөт башчысынын Кыргызстанга сапары достук жана ынак коңшулук салттарынын, өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн принциптерине негизделген эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жаңы дем берерине ишенимин билдирди. 

Премьер-министр Абдулла Арипов президент Алмазбек Атамбаевге Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевден салам айтып, өлкөнүн жетекчилиги Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда достук жана ынтымактуу коңшулук мамилелерин чыңдоого багытталган ишти мындан ары дагы улантууга даяр экендигин маалымдады. 

Мамлекет башчысы өкмөт башчыларына маселелерди үзүрлүү сүйлөшүүлөрдүн жолу менен чечүүгө саясий эркти эске алып, эки тараптуу кызматташуу жана өлкөлөр ортосундагы мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунун алкагындагы сүйлөшүүлөр ийгиликтүү жана жыйынтыктуу болушун каалады.