Жаңылыктар
Алкоголдук ичимдиктерден баш тарткан айылдар арбыды
Кыргызстан жаңылыктары
Алкоголдук ичимдиктерден баш тарткан айылдар арбыды

Өлкөдө алкоголдук ичимдиктерден баш тарткан айылдар чынында эле арбыды. Ушул жылдын май айында “Барскоон” айылынын жаштар уюму тарабынан алкоголго чектөө киргизүү демилгеси көтөрүлүп, айыл өкмөт тарабынан колдоого алынган. Ал эми жакында Ош шаарынын Жапалак айылынын дүкөндөрүнөн 400 миң сомдук арактар атайын таштандыга ташылып жок кылынды. 

Бирок буга каршы чыккандар да болду. Көпчүлүк айылдарда эч кандай мыйзамы жок эле коомчулуктун жалпы чечими менен спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган. Аракты билим, маданият, тарбия менен тыят. Жаштарга сапаттуу билим берип, алдыңкы технологиялар менен иштөөнү үйрөтүү керек дешет жергиликтүү талдоочулар. 

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"