Жаңылыктар
Бишкекте кыргыз - өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтүүдө
Экономика
Бишкекте кыргыз - өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтүүдө

Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтүүдө. Жыйын премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында өтүүдө. Жыйын башталаардын алдында эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын тар чөйрөдөгү жолугушуусу өттү. 

Анда Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан менен жылуу коңшулук мамилелерди өнүктүрүү - Кыргызстандын Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири, -деди. Өкмөттөр аралык комиссия эки тараптуу мүнөздөгү бардык маселелерди талкуулоо үчүн жакшы аянтча болоорун дагы кошумчалады.

“Сиздер менен жолугушканыма абдан кубанычтамын. 2017-жылдын 4-июлунда Өзбекстандын жарандарынын Ысык-Көлдө ыңгайлуу эс алуусуна шарт түзгөн «Ташкент - Тамчы» түз авиа каттамы ачылганын белгилей кетүү керек. Өзбекстан Республикасы менен жылуу коңшулук мамилелерди өнүктүрүү - Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Кыргыз-өзбек кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган эки тараптуу мамилелердин автивдешүүсүн кубануу менен белгилейм. Эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны акыркы жолу 2009-жылы өткөрүлгөн”,- деди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.