Жаңылыктар
Бишкекке 7 жаңы көпүрө салынат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекке 7 жаңы көпүрө салынат

Быйыл Бишкек шаарында баш-аягы 7 жаңы көпүрө салынат. Мындай маалыматты Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов борбор калаадагы оңдолуп жаткан каттамдардын абалы менен таанышканда билдирди. Көчмө жыйынга мэриянын тиешелүү кызматтарынын башчылары катышып, курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу маалыматтар айтылды. 

Жаңы көпүрөнүн бири Фрунзе менен Төрөкул Айтматов көчөсүнүн кесилишинде түптөлүп жатат. Көпүрөнүн туурасы 16 метрга жетип, ага кошумча эки тарабынан тең 2 метрден ашык жөө адам басчу жол түшөт. Узундугу болсо 35 метрге созулат. Эми Фрунзе көчөсү көпүрө аркылуу 5 жарым чакырымдай күн чыгышка карай созулмакчы. 

Бишкекте жолдор тозулуп иш кайнап жатат. Эскерте кетсек, быйыл Кытай грантынын эсебинен жалпы узундугу 95 чакырымга созулган 49 көчөгө жана шаар бюджетинен бөлүнгөн каражатка 51 көчөгө асфальт төшөлүүдө. Жол салууда башка дагы жумуштар колго алынган. 

Быйыл жаңыланчу жолдун саны көп, аны менен бирге адистер сапатына да маани берип жатат. Эгер жаңы түшкөн асфальтка 2 жыл аралыгында доо кетсе, анда ишти мойнуна алган тарап толугу менен жооп берет.

Кыргызстандын борбору Бишкекте 700 чакырымдай асфальт баскан көчө бар. Анын теңинен көбү союз жылдарынан бери карала элек. Шаар тургундары жолдон тышкары башка жумуштар жасалып жатканына оң баа беришти. 

Бул иштердин бардыгы шаардагы жол тыгындарын ооздуктап, калаа тургундарына ыңгайлуу шарт түзүү үчүн жасалууда. Аткарылып жаткан жумуштар Борбордун жол түйүндөрүн куруу концепциясынын биринчи фазасында жүрүп жатат. Кылычын сүйрөгөн кыш эрте башпакпаса, башталган жумуштар толугу менен аякташы күтүлүүдө.