Жаңылыктар
Мектептерге жакын жерлерде жол коопсуздугу камсыз кылынууда
Кыргызстан жаңылыктары
Мектептерге жакын жерлерде жол коопсуздугу камсыз кылынууда

Жаңы окуу жылынын алдында мектептерге жакын жерлерде жол коопсуздугу камсыз кылынууда. Өкмөт башчынын тапшырмасы менен атайын белгилер коюлуп жатат. Кыргызстан жол кырсыгы көп катталган өлкөлөрдүн катарына кирет. Андан набыт болгон балдардын саны аз эмес. Адистер балдарды жол эрежесин сактап, этият болууга тарбиялоо жетишсиз болуп жатканын белгилешет. 

Мектепке жакын жолдордо жаңы үлгүдөгү ылдамдыкка каршы төшөлмөлөр пайда болду. Атайын иликтөөлөрдүн натыйжасында жол белгилери жана белги берүүчү жол чырактар да жетишсиз экени аныкталган. Бул көйгөйдү жоюу үчүн бир катар мекемелерге катуу талап коюлган. 

Окуучуларга жол эрежелери тууралуу сабактар кээде гана өткөрүлүп турат. Атайын изилдөөлөр бул жетишсиз экенин көрсөтүүдө. Мектепте да, үйдө да баланы жолдо жүрүүдө этият болууга тарбиялоо зарыл. Муну атайын иликтөөлөр бышыктап турат.

Жол кырсыктарын азайтуу үчүн эреже бузгандарга салынган айып пулдун көлөмү жогорулаган. Өкмөт жыйынында бул натыйжа бербегени белгиленген эле. Бирок, айып пулду дагы көтөрүүнү сунуштагандар да жок эмес. 

Жол кырсыктарын азайтууга өкмөттүн өзгөчө маани берип жатышы бекеринен эмес. Кыргызстан бул көйгөйдөн олуттуу жапа чеккен өлкөлөрдүн катарына кирет. Быйыл жети айда жол кырсыктарынан 44 бала набыт болгон.