Жаңылыктар
Текебаев менен Чотонов 8 жылга эркинен ажыратылды
Кылмыш
Текебаев менен Чотонов 8 жылга эркинен ажыратылды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөн Чотоновдун өкүмү угузулду. Текебаев жана Чотонов экөө тең 8 жылга кесилди. 

Прокуратуранын алардын үй-мүлкүн мамлекетке чегерип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматка иштебесин деген да өтүнүчү канааттандырылды. Мамлекеттик айыптоочулар соттон Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну суранган. Судья белгилегендей, "Кыргыз Республикасынын 2014-жылдагы БУУнун Адам укуктары декларациясынын 65 жылдыгы жөнүндө" мыйзамына ылайык Текебаев менен Чотоновго чегерилген жаза мөөнөтүнүн үчтөн бири кыскартылат. 26-февралдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан Текебаев менен Чотонов "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деп айыпталган.