Жаңылыктар
Кыргызстанда "Баламды мектепке кабыл алгыла" акциясы башталды
Билим
Кыргызстанда "Баламды мектепке кабыл алгыла" акциясы башталды

Кыргызстанда балдар укугун коргоочулар Билим берүү жана илим министрлиги менен бирге "Баламды мектепке кабыл алгыла" деп аталган акцияны баштады. "Балдарды коргоо лигасы" коомдук фонду баштаган бул иш-чара балдардын билим алышына көмөктөшүүгө багытталган. 

Мектепке балдарды киргизүү түйшүгү өзгөчө Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларда күч. Анткени эл жыш отурукташкан аймактарда мектептер, андагы орундар жетишсиз.

Бишкек, Ош шаарларындагы айрым мектептерде бир класста кырктан ашуун бала окуганы акыркы жылдарда көнүмүшкө айланды.

Кыргызстанда 2 236 орто мектеп бар. Анын ичинде он пайызы мектеп-гимназиялар, лицейлер. Калгандары типтүү мектептер.