Жаңылыктар
Кыргыз-өзбек чек арасындагы такталбаган тилкелерди аныктоо боюнча келишимге кол коюлду
Чек ара
Кыргыз-өзбек чек арасындагы такталбаган тилкелерди аныктоо боюнча келишимге кол коюлду

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын такталбаган тилкелеринин 84 пайызын аныктоо чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араларды делимитация жана деморкациялоо боюнча 8-өкмөттөр аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгында белгилүү болду. 

Кыргызстан менен Өзбекстан жалпы узундугу 1 миң 170 чакырымдан ашыгыраак тилкени аныктоо боюнча орток аралык келишимге кол койду. Бул кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын 84 пайызы орток аралык келишимге камтылды дегендик. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бул эки мамлекеттин такталбаган чек ара тилкелери боюнча жетишилген ийгилик экенин белгилеп, көп жылдык тыныгуудан соң 2016-жылы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитация жана деморкациялоо боюнча сүйлөшүүлөр да активдүү башталган деди. Ал эми Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов эки тарап орток аралык документти даярдоодо жакшы жыйынтыкка келгенин билдирди. Эми орток аралык келишим алкагында белгилеген жумуштар аткарылган соң, чек араларды делимитация жана деморкациялоо боюнча жалпы келишимге кол коюлат.

“Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек чек арасынын 84 пайызын аныктоо макулдашуусуна келдик. Орток аралык келишим тараптардын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитация жана деморкациялоо боюнча аткарылып жактан жумуштарына дем берээрине ишенем. Бул келишим сүйлөшүүлөрдү жаңы деңгээлге чыгарып, жыйынтыкка келебиз деген ойдомун”,- деди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.