Жаңылыктар
Ош облустар аралык клиникасынын материалдык-техникалык базасы чыңдалууда
Ден соолук
Ош облустар аралык клиникасынын материалдык-техникалык базасы чыңдалууда

Ош облустар аралык клиникасынын материалдык-техникалык базасы чыңдалды. 6 миллион 700 миң сомдук медициналык тез жардам көрсөтүүчү жабдык алып келинди. 

Мындай жабдыктан клиникага дагы төртөө зарылдыгын адистер билдирет. Ушул эле долбоордун алкагында буга чейин 2 миллион сомдук рентген аппараты келген. Мындай аракеттер ооруканадагы медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатат. Аталган клиника Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан келген бейтаптарды да кабыл алат.

"Бизде жылына 30 миңдей бейбаптар дарыланып жатышат. Булар эң оор оорунун түрү мене ооругандар, ушул себептүү, биздин ооруканага мындай жабдыктарга муктаждык чоң. Ушул маселелени чечүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги менен гуманитардык жактан ар кандай долбоорлордун негизинде биз ооруканын материалдык-техникалык базасын чыңдоонун аркетиндебиз",- деп билдирди Ош облустар аралык клиникалык борборунун директору Шайырбек Сулайманов.