Жаңылыктар
Текебаевдин жактоочулары саясатчынын күнөөсүз экенин далилдей алган жок
Саясат
Текебаевдин жактоочулары саясатчынын күнөөсүз экенин далилдей алган жок

Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары саясатчынын күнөөсүз экенин далилдей алган жок. Көпчүлүк талдоочулар дал ушундай пикирде. Кечээ 16-августта Биринчи май райондук соту "Ата-Мекен" партиясынын лидерин жана экс-министр Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылга эркинен ажыраткан. Текебаевдин тарапташтары адилетсиз өкүм чыкты десе, жазанын жеңил болуп калганын айткандар да бар.

Жарым жылдан бери убактылуу кармоочу жайда жаткан “Ата-Мекенчилерге” өкүм угузулаар алдында сот имаратына чогулгандар арбыды. Иликтөө, тергөө иштери канчалык узакка созулса, чечим да дароо чыгарылган жок. Кечки саат тогузга жакындаганда гана эки ишмерди кандай тагдыр күтүп турганы белгилүү болду. Алар орус ишкеринен миллион доллар алган деп табылып, сегиз жылга эркинен ажыратылышты. Ошондой эле үй мүлктөрүнөн да кол жууйт. Мындан сырткары прокуратуранын айыпталуучулар абактан чыккандан кийин мамлекеттик кызматтарда 3 жылга чейин иштебеши керек деген өтүнүчү да канааттандырылды.
Көпчүлүк талдоочулардын баамында судья Айбек Эрнис уулуна канчалык басым көрсөтүлгөнүнө карабай ал ишти аягына чыгарды. Анткен менен Текебаев менен Чотоновго карата угузулган өкүм соттун алгачкы инстанциясынын гана чечими. Тараптар 10 күн ичинде шаардык сотко кайрылууга укуктуу.