Жаңылыктар
«Кошой» жана «Кайынды-Кант» заводдорун модернизациялоо кант кызылчасын сатуу көйгөйүн чечет
Экономика
«Кошой» жана «Кайынды-Кант» заводдорун модернизациялоо кант кызылчасын сатуу көйгөйүн чечет

Өлкөнүн башка дубандары менен катар Чүй облусунда да ички жолдор оңдолуп жатат жана алдыда оңдоого муктаж болгон стратегиялык маанилүү жолдор да бар. Анын бири Ысык-Ата курортуна кетчү жол. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында бул жолду салуу жумуштарын тездетүү тапшырмасын койду. Ошол эле учурда премьер-министр бир катар социалдык объектилердин курулуш жумуштары менен таанышты.

Ысык-Ата курорутуна барчу жолдун абалы менен таанышкан өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бул жолду оңдоо тапшырмасын койду. Жалпы узундугу 45 чакырымдык жолдун үч жарым чакырымынын асфальтын толук алмаштыруу үчүн каржы министрлигине керектүү каражатты убагында бөлүп берүү тапшырмасы коюлду. Ошол эле учурда премьер-министр асфальтты төшөөдө сапатка өзгөчө көңүл буруу зарылчылыгын белгиледи.

Ысык-Ата районунун дыйкан чарбалары өкмөттөн өстүргөн продукциясын- өзгөчө кант кызылчасын сатууга көмөктөшүүнү суранышты. Мындай өтүнүчтөрүн дыйкандар Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда билдирди. Премьер-министр учурда “Кошой” жана “Кайыңды-Кант” заводдору модернизацияланып жатканын айтып, бул жумуштар 1-октябрда бүткөрүлөт-деди. Заводдор ишке кирсе кызылчаны кайра иштетүү жана калкты ата мекендик кум шекер менен камсыздоо маселеси чечилет. Ошол эле учурда Сооронбай Жээнбеков “Айыл чарбасын каржылоо-5” долбоору тууралуу да айтып кетти. Өкмөт башчы мындан тышкары бир катар социалдык объектилердин абалы менен да таанышты. Республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан объектилердин сапатына көңүл бурууга жана ата мекендик курулуш материалдарын колдонууну сунуштады.