Жаңылыктар
Өлкөнүн түштүк аймагындагы эгиндин 90 пайыздайы оруп-жыйналды
Айыл чарба
Өлкөнүн түштүк аймагындагы эгиндин 90 пайыздайы оруп-жыйналды

Өлкөдө кылкандуу эгиндердин 70 пайызы оруп-жыйналып, кампаларга жыйналды. Калган айыл-чарба азыктардын жыйым-терим иштери четинен жүрүүдө. Мисалы жалпы айдалган картошканын 20 пайызы казылды. 

Баткендин Лейлек районун жердеген Абдинаби Халмурзаев элден калбай 35 сотых жерге пияз айдаган. Дыйкан түшүмүн жыйнап сатууга кам көрүп жаткан кези. Быйыл бул аймактагы дыйкандар пияздан пайда көрүп, көңүлдөрү ток. Пияздын килограммы 15 сомдон 28 сомго чейин чыкты. Учурда дыйкандар 1 гектардан орточо эсеп менен 25 тонна пияз жыйнап алууда.
Ал эми Бишкектин четинде Аламүдүн районунда жылдагыдай эле жер-жемиштин түрү көп. Дыйкандар ак эмгегинин үзүрүн көрүүдө.

Агрардык тармактын адистери быйыл Чүй өрөөнүндө өткөн жылдарга салыштырмалуу кант кызылча арбын эгилгенин белгилейт. Эми анын түшүмүн былтыркыдай кыйналып-кысталбай сатат тилек бар. Анткени “Кошой” заводу ишке кирүү алдында турат.

Өлкөнүн түштүк аймагындагы эгиндин 90 пайыздайы оруп-жыйналды. Болгону тоо этектери чабыла элек. Адистердин айтымында, быйыл фермерлер экспортко кете турган айыл чарба продукцияларына басып жасаган.
ЕАЭБ өлкөлөрүнө кирүү үчүн атайын лабораториялар курулуп, текшерилген азыктар башка өлкөгө сатыкка чыгууда. Өлкөдөгү өзгөрүүнү көрө билген дыйкандар пайда алып келчү азыктарды айдоого өтүп жатышат.