Жаңылыктар
Кыргызстандык зыяратчылар Мекке шаарына келишти
Дин
Кыргызстандык зыяратчылар Мекке шаарына келишти

Кыргызстандык ажылар Медина шаарындагы тарыхый жайларды кыдырып, бул калаадагы зыяраты аяктаган соң, ыйык Мекке шаарына кетишти. 

Аларды Меккеге автобустар менен жеткиришти. Зыяратчылардын айтымында, аймак абдан ысык болгондуктан, автобустардын ичи аба муздаткычтары менен камсыздалган. Эми зыяратчылар ыйык Мекке шаарынан Умра амалын кылышып, андан соң кыргызстандык ажылар үчүн алынган Дауар Кудей районундагы мейманканаларга жайгашышмакчы.