Жаңылыктар
Катар элчилиги муктаж жарандарга жардам көрсөттү
Кыргызстан жаңылыктары
Катар элчилиги муктаж жарандарга жардам көрсөттү

Катар элчилиги аялуу катмардагы 300 окуучунун мектепке баруусуна материалдык жардам көрсөттү. Кайрымдуулук акциясы Улуттук кызыл жарым ай коому жана Кыргызстандагы Катар элчилиги тарабынан демилгеленген. 

Акциянын жалпы фонду 12 миң долларды түзүп, ар бир окуучуга 40 доллардан каражат таратты. Иш чара бүгүн Бишкектеги Улуттук көркөм сүрөт музейинде өттү. 

Кайрымдуулук жардам алган окуучулардын ата-энелери жана балдардын асыроочулары иш чара уюштургандарга ыраазычылык билдиришти.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"