Жаңылыктар
Бишкектин 22 конушу көгүлтүр от менен камсыз болот
Экономика
Бишкектин 22 конушу көгүлтүр от менен камсыз болот

Жыл аягына чейин Бишкектин 22 конушу көгүлтүр от менен камсыз болот. Бишкек шаары, Чүй жана Ош облустары боюнча 350 чакырымдай газ өткөргүчтөр курулат. Эске салсак, 2016-жылдан баштап Бишкек шаарындагы жаңы конуштарды газдаштыруу иштери жүргүзүлүп жатат.  Өткөн жылы 10 жаңы конуш газдаштырылып, узундугу 50 чакырымдан жогору газ өткөргүчтөр орнотулду. Өлкөдө газдаштыруу иштери  россиялык «Газпром» ишканасы менен  Кыргыз өкмөтүнүн  ортосунда түзүлгөн  макулдашууга ылайык  жүргүзүлүп  жатат  жана  2030-жылга чейин долбоор   толугу менен ишке ашырылат. 

Статистикалык маалыматтар  боюнча, 2016-жылы “Газпром” менен келишимдин алкагында жалпы узундугу 608 чакырым болгон “Тундүк-Туштүк” магистралдык газ түтүгүн куруу боюнча иштер уланууда. Өлкөнү жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында “Газпром-Кыргызстан 44 объектте долбоордук изилдөө  иштери жана курулуш-монтаждоо иштери уланууда. Мындан башка, мурдагы макулдашуулардын негизинде “Газпром-балдарга” социалдык программасы  ишке ашырылып жатат. Анын алкагында, өлкөнүн ири шаарларында, облусттук жана райондук борборлорунда  ден солукту чыңдоо комплекси салынат. Мындай комплекстер  талас, Чолпон-Ата, Кызыл-Кыя, Бишкек шаарларында ачылды.

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"