Жаңылыктар
Барселона шаарындагы теракттан 13 адам мерт кетти
Дүйнө
Барселона шаарындагы теракттан 13 адам мерт кетти

Испаниянын Барселона шаарында автоунаа тебелеп 13 адам мерт болуп, 50гө чукул киши жаракат алганын жергиликтүү бийликтен билдиришти. Полиция бул окуяны террорчул акт деп мүнөздөп жатат. 

Окуя бейшембиде Барселонанын борбордук бөлүгүндөгү туристтер көп топтолгон Рамбла көчөсүндө болгон. Катуу ылдамдыктагы фургон жол четиндеги жөө жүргүнчүлөрдү тебелеген. Күнөөлүү деп бир адам кармалганы кабарланды. Бирок, ал автоунаанын айдоочусу экени тактала элек. Аймакты коопсуздук күчтөрү курчап турат. 

Немис канцлери Ангела Меркел, АКШ президенти Дональд Трамп, британ премьер-министри Тереза Мэй баштаган дүйнөлүк лидерлер бул чабуулду кескин айыптаган билдирүүлөрдү таратышты.