Жаңылыктар
Бишкекте мыйзамсыз курулган объектилердин саны кыскартылышы мүмкүн
Экономика
Бишкекте мыйзамсыз курулган объектилердин саны кыскартылышы мүмкүн

Бишкек шаарын өнүккөн, гүлдөгөн шаарга айлантуу керек. Мыйзамсыз баш аламан курулган  объектилердин санынын кыскартып, шаардын көркүн оңдоп ирээтке келтирүү зарыл. Мындай пикирин Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Мурзалиев билдирди. 

Бул иштерди жүзөгө ашыруу үчун шаардык кеңештин бир катар депутаттары Москва шаарынын думасынан келген делегаттар менен жолугушту. 

Иш-чарада меймандар менен  шаардык депуттар Бишкекти  өнүктүрүүнүн жолдору тууралуу пикир алышты. 

Ошондой эле жолугушууда делегаттар эки шаардын ортосундагы мамилени мындан дагы жогорку деңгээлге көтөрүү тууралуу сүйлөшүштү. 

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"