Жаңылыктар
Жээнбеков: Кыргызстан ЕАЭБке кошулуусу туура чечим болгон
Экономика
Жээнбеков: Кыргызстан ЕАЭБке кошулуусу туура чечим болгон

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу туура чечим болгон. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Астанада өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында, бир катар кыйынчылыктарга карабай өлкө экономикалык өсүштүн динамикасын сактап калууга жетишкенин белгиледи. Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан ИДПнын өсүшү боюнча лидер болуп саналат. 

Россия тараптын колдоосунда 200 миллион АКШ доллар суммасында бөлүнүп берилген каражаттардын алкагында  бажы постторун, көзөмөл өткөрүү бекеттерин заманбап жабдуу менен камсыз кылуу иштери жургүзүлүүдө. Бул иштерге мамлекеттик бюджеттен дагы каражаттар каралган.Ошол  эле маалда азыр Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду аркылуу бир катар долбоорлор каржыланып жатат. 

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"