Жаңылыктар
Кыргыз балдары робот кураштырып башташты
Билим
Кыргыз балдары робот кураштырып башташты

Балдардын робот кураштыруу тармагынын келечеги кең экендигин баамдаган өлкө жетекчилиги робот техникасын колдоого алып жатат. Ишкердикти өнүктүрүү фондунун "Мен Кыргызстанды өнүктүрөм" долбоору бүгүнкү күндө иш алып барууда. 

Мустафа өзүнүн биринчи роботун жыйнап бүттү. Ал робот-экскаваторду жасаган. Мустафа келечекте апасына үй жумуштарында жардамдаша турган роботту жыйнагысы келет. 

Робот техникасы бул - электроника, механика, электротехника. Эң негизгиси алардын байланышы жана дал келүүсү. Бул мектептин ачылганына 3 ай болду. Бул кыска аралыкта балдар робот жасоодон сырткары компьютердик кичи-оюндарды жасап үлгүрүшкөн.