Жаңылыктар
Залкар диктор Абилезим Ниязов 88 жашында дүйнө салды
Кыргызстан жаңылыктары
Залкар диктор Абилезим Ниязов 88 жашында дүйнө салды

Бүгүн, 18-августта Кыргыз радиосунун чыгаан диктору, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кыргыз дикторлор мектебинин негиздөөчүсү  Абилезим Ниязов 88 жашында каза болду.

Абилезим Ниязов, эмгек жолун 1954-жылы баштап, кийин дасыккан дикторлордун катарын толуктаган. Ал кесибин жогору баалап, белгилүү залкарлардын арасында чогуу эмгектенгенин сыймык менен белгилегенин, Кыргыз радиосунун 80 жылдыгында жазып калтырган эскерүүсүнөн билсек болот:

Абилезим Ниязов, 

Биз жан дүйнөбүз менен кызмат кылдык. Кызматка кош көңүл мамиле жасоо деген болчу эмес. Дикторлук улуу кесип. Жараткандан жалганган жагымдуу үнгө, талантка кошумча жеткилең билим, аракет, илип алма жөндөм болсо гана дикторлук толук жанына кирип, кут сыңары колуңа конуп берет. Биздин учур кыргызстандык дикторлордун өнүп-өсүп турган дооруна туш келгениме сыймыктанам.

Ал эң алгачкы дикторлордун катарын толуктаган Гүлниса Мамбетова, Гүлчай Ноорузбаева, Зарыл Мамбеталиевалар менен чогуу иштешип, жазып калтырган эскерүүсүндө алардын ар биринин өзгөчөлүктөрүн белгилеп кеткен.

                                                                                                         

Маркум менен коштошуу зыйнаты эртең, 19-августта  КТРКнын имаратында өтөт. Ал эми, сөөгү кичи мекени Ысык-Ата районунун Эпкин айылына коюлат. 

Кыргыз радиосунда 40 жыл үнү жаңырган, арген үндүн ээсинин элеси ал окуган чыгарамалар аркылуу жүрөктө калат.  Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жалпы жамааты жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.